Чөйрө Тиркемеси
Story
Урматтуу жердештер,
12-июлдан 14-июлга чейин Швейцариянын Люцерн шаарында «Чөйрө 2022» өткөн форум кызыктуу, шаңдуу жана ийгиликтүү болду десек болот. Өлкөнү өнүктүрүүнүн жолун издеген санаалаштарды баш коштурган демилге бардык жактан колдоого алынды. «Чөйрө» платформасынын негиздөөчүлөрү жана форумдун уюштуруучулары ар бир айтылган ой-пикирди жана идеяларды терең кызыгуу менен угуп, кабыл алды жана жигердүү тилектештер берген сунуштардын негизинде жаңы долбоорлорду жарата баштады. Биринчилерден болуп буга «Чөйрө» платформасын кайрадан жасап чыгуу кирет.
«Чөйрө» тиркемеси ар бир катталган адамга нетворкиң үчүн бардык керектүү маалыматтарды камтыган өзүнүн жеке интернет баракчасын түзүп алууга мүмкүнчүлүк берет. Ар бир профилде адамдын колдогон же жасап жаткан долбоорлору, башка адамдар менен байланыштары, аткарган тапшырмалары, билими менен кесиптик тажрыйбалары көрүнүп турат. Бул платформанын ичинде жаңылыктар менен жигердүүлүк тасмасы (лента новостей и активности) дагы орун алат. Ал долбоорлордун жана активисттердин иштерин транспаренттүү түрдө башкаларга көрсөтүп турат жана башкалар үчүн дагы кызыгуу жаратышы мүмкүн. Ошол эле учурда «Чөйрө» платформасынын мүчөлөрү өз ой-пикирлерин ортого салып, башкалардан кеп-кеңеш жана фидбек кабыл алып, сурамжылоо жүргүзүп же бир агенда үчүн добуш чогулта алат. Андан тышкары керектүү маалыматтар, курстар, жумуш орундары жана орундуу жарнамалар дагы жарыя кылынса болот.
Албетте мындай потенциалы зор кыргыз тилдүү платформаны түзүү бир топ иштерди, убакытты жана каражатты талап кылат. Учурда атайын он беш адистен турган команда түзүлүп, тапшырмалар аныкталып, керектелүүчү чыгымдар эсептелип жатат. Биз – «Чөйрө» платформасынын негиздөөчүлөрү бул демилгенин ишке ашуусуна көмөк көрсөтө турган жердештерди жана уюмдарды издейбиз. Биз ар түрлүү колдоого алдын ала терең ыраазычылык билдиребиз!
Rewards
Name | Donate Amount | Date |
---|---|---|
Aybek sarıgul | $ 350.00 | 22.09.2022 10:45 |
Aybek sarıgul | $ 250.00 | 22.09.2022 10:41 |
Nurlan Mukash | $ 1'000.00 | 11.08.2022 19:23 |
Азамат Исмаилов | $ 1'000.00 | 06.08.2022 09:15 |
Meerzhan Kanatbekova | $ 50.00 | 28.07.2022 11:28 |
Saadatkan Daminova | $ 100.00 | 28.07.2022 10:28 |
Saadatkan Daminova | $ 10.00 | 28.07.2022 10:26 |
Отзывы
Отзывов пока нет.