Short Story
«Кыргызча психология» – бул психология илимин кыргыз тилинде аныктоо жана өнүктүрүү максатында кыргызстандык психологдор тарабынан жаралган долбоор. Мунун алкагында социалдык тармактардагы макалалардын жана маалыматтардын санын көбөйтүү, психология жаатындагы адистердин каталогу менен онлайн-консультация үчүн интернет баракчасын түзүү аракеттери ишке ашмакчы. Ашар аркылуу бул долбоордун ийгиликтүү ишке ашуусуна салым кошуңуздар!
Кыргызча психология
Story
Бир жылдан ашык убакыттан бери биз – психологдор жана IT адистеринен турган ыктыярчылардын чакан командасы – “Кыргызча психология” (instagram.com/kgpsycom) социалдык долбоорунун үстүндө иштеп келе жатабыз. “Кыргызча психология” долбоору мамлекеттик же жеке уюмдар тарабынан эмес, ыктыярдуу адамдар тарабынан элибиз үчүн түзүлгөн долбоор (peer-to-peer долбоору).
Кыргызстанда СССР тарагандан бери кыргыз тилдүү, жогорку квалификациялуу адистер жетишсиз, ошондой эле эне тилинде билим алуу мүмкүнчүлүгү төмөн экендиги жашыруун эмес.
Жашообуздагы бардык нерсе акыл жана сезимдерден башталат деп ишенимдүү айта алабыз. Биз кандай гана иш жасабайлы, аны белгилүү бир сезимдер жана ойлорубузга таянуу менен жасайбыз. Андыктан, психологиялык сабаттуулук жана психологдордун ишмердүүлүгү бардык жерде маанилүү: төрөт үйлөрүнөн, бала бакчалардан тарта мамлекеттик органдарга чейин.
Кыргызстандын өнүгүшү биринчи кезекте адам факторуна түздөн-түз көз каранды деп эсептейбиз.
Анткени, психикалык ден соолугунун деңгээли төмөн коом – бул зордук-зомбулук жана коррупциянын деңгээли жогору (ооба, бул да психологиялык себептерден улам), ажырашуулардын жана ташталган балдардын көрсөткүчүнүн деңгээли жогору коом. Бул акыры, тынчсыздануу жана депрессияга чалдыккандар аз болгон коом. Тилекке каршы, психикалык жактан дени сак коом, азыр Кыргызстанда сыймыктана алчу көрсөткүчтө эмес.
Долбоорубуздун максаты – «Кыргыз эли укмуштуудай аң-сезимдүү, жоопкерчиликтүү жана бактылуу эл. Кыргызстанга ойлонбостон эле келгиле!», деп, сыймыктануу менен айта ала тургандай коомду түзүүгө салым кошуу.
Бул биздин кыялыбыз. Аны ишке ашыруу үчүн биз конкреттүү эмне кылып жатабыз?
Бир жылдан ашык убакыттан бери кыргыз тилинде психология боюнча билимди кеңири жайылткан контентти түзүп, психология тууралуу жөнөкөй жана жеткиликтүү тилде айтып келебиз.
Социалдык тармактарда депрессия жана тынчсызданууну жеңүү, суицидди алдын алуу, өзүн-өзү сыйлоону жогорулатуу, эмоцияларды башкаруунун жолдору ж.б. тууралуу жазуудабыз.
Аталган иштердин бардыгын азыр ыктыярчылар — негизги жумушу, үй-бүлөсү, окуусу жана башка милдеттери бар адамдар аткарып жатат.
Бул жылы биздин команда жаңы, алда канча амбициялуу максаттарды коюуда:
– Биз, психологдордун каталогун жана психологдор менен онлайн-консультация ала турган сайт түзүүнү пландап жатабыз.
– Эң активдүү иш алып барып жаткан 2 ыктыярчыбызга акы төлөп бергибиз келет.
– Социалдык тармактардагы макалалардын жана маалыматтардын санын көбөйткүбүз келет. Ал эми бул, биз менен активдүү иштеген психологдордун, дизайнерлердин, котормочулардын жана башка адистердин эмгегине акы төлөө керек болот дегенди билдирет.
– Долбоорду өнүктүрүү үчүн дизайнер, сүрөтчү, менеджер, SMM адиси жана биз менен толук убакытта иштей турган жок дегенде бир психологду ишке алуу керек;
– Биз кыргыз тилинде эмоционалдык интеллектти өнүктүрүү жана мамиле түзө билүү боюнча онлайн курс чыгарууну пландоодобуз. Курсту сатуудан түшкөн каражаттын баары долбоорду андан ары өнүктүрүүгө жумшалат.
– Акырындык менен тажрыйба топтоо аркылуу биз алдыга гана умтулабыз, алдыбызга дагы чоң максаттарды коёбуз. Биз мындан ары ар кандай психологиялык маселелер боюнча жана ар кандай категориядагы кардарлар үчүн кыргыз тилинде тренингдерди жана курстарды иштеп чыгууну пландап жатабыз. Бул үчүн биз сиздин жардамыңызга муктажбыз!
Ар бириңиздер биздин долбоорго мүмкүн болгон суммадагы каражатты салуу менен колдоо көрсөтө аласыздар. Сиз биз менен биргесизби?
Rewards
Name | Donate Amount | Date |
---|---|---|
Azamat Ismailov | $ 200.00 | 24.01.2023 12:48 |
Meikingul Alymbaeva | $ 20.00 | 22.12.2022 13:05 |
Zeine Kudaibergenova | $ 100.00 | 20.12.2022 07:42 |
Отзывы
Отзывов пока нет.